Өзбекстанда Имам Матуридинин 1155 жылдыгы белгиленет

Борбор Азия Загрузка... 17 Март 2025 17:50
WhatsApp Image 2025-03-17 at 09.48.21.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 17.03.25. /Кабар/. Өзбекстанда улуу ойчул жана аалым Имам Матуридинин 1155 жылдык мааракеси кеңири белгиленет. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев тиешелүү жарлык кабыл алды, деп билдирет өлкө башчынын маалымат кызматы.

Иш-чаранын негизги максаты ислам илимдеринин өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошкон көрүнүктүү ойчул жана аалым, имам Абу Мансур ал-Матуридинин өрнөктүү өмүр жолун жана бай илимий жана руханий мурасын ар тараптуу жана терең изилдөө, ошондой эле жаштарды Мекенди сүйүү, улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды сыйлоо духунда тарбиялоо экендиги айтылат.

Ошондой эле Имам Матуридинин Ислам дүйнөсүндөгү беделине жана абалына ылайыктуу түрдө анын 1155 жылдыгын татыктуу белгилөө боюнча иш-чаралардын программасы бекитилди.

Тактап айтканда, 2025-жылдын апрель айында Самарканд шаарында “Матуридизм – кең пейилдикке, байсалдуулукту жана агартуучулукка окутуу” деген темада эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүү пландалууда. Мындан сырткары чет элдик изилдөөчүлөр арасында Матуридизм таалимдери боюнча илимий сынак, Имам Матуридинин басып өткөн жолу жана көп кырдуу илимий мурасынын заманбап маанисин ачып берүүчү көркөм-публицистикалык тасма тартуу жана башка иш-чаралар пландалууда.

Эскерте кетсек, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Абдулазиз кары Закиров былтыр октябрь айында Ташкентте өткөн “Ислам – тынчтыктын жана эркиндиктин дини” аттуу эл аралык конференциясында Борбор Азиядагы ынтымактын символдору болгон ханафийлик жана матуридийлик мазхабтарын илимий жактан өнүктүрүүнү колго алууну сунуштаган эле.