Өзбекстанда энергияга болгон суроо-талап 1,5 эсеге өсөрү күтүлүүдө

Борбор Азия Загрузка... 27 Март 2025 10:41
WhatsApp Image 2025-03-27 at 11.19.02.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 27.03.25. /Кабар/. 2030-жылга чейин Өзбекстанда энергетикалык ресурстарга болгон суроо-талап азыркы көрсөткүчтөрдөн 1,5 эсеге өсөт. Бул тууралуу кечээ президент Шавкат Мирзиёевдин жетекчилиги астында энергия ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жана үнөмдөө маселелерине арналган жыйында айтылды, деп билдирди өлкө башчысынын басма сөз кызматы.

Президенттин айтымында, 2030-жылга карата Өзбекстандын калкы 41 млн адамга жетип, экономикасы 2 эсеге өсөт. Бул факторлор энергетикалык ресурстарга болгон суроо-талаптын жогорулашына алып келет.

Мамлекет башчысы ири ишканаларга энергия үнөмдөөчү системаларды орнотуу жана алардын иштешине көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасын берди. Ошондой эле, энергияны үнөмдөө маданиятын өнүктүрүү, ресурстарды ашыкча чыгымдоону азайтуу жана альтернативдүү энергия булактарын активдүү пайдалануу зарылдыгы белгиленди. Фергана өрөөнүнүн аймактарын энергия менен камсыздоого өзгөчө мамиле кылуу каралды.

Энергоресурстарды үнөмдөө боюнча былтыр башталган тажрыйбаны өлкө боюнча улантуу милдети коюлду. Самарканд, Сырдарыя жана Жиззак облустарында 870 миллион кВт/саат электр энергиясын жана 420 млн м³ газды үнөмдөө потенциалы аныкталганы айтылды. Ишканалардагы 35 миң даана эски жабдууларды жаңылоо жыл сайын 385 млн кВт/саат электр энергиясын жана 50 млн м³ газды үнөмдөөгө мүмкүндүк берди.

Райондордо жана махаллаларда 45 млн м³ газды үнөмдөө үчүн 300 чакан күн электр станциясын (жалпы кубаттуулугу 100 МВт) жана 175 миллион кВт/саат электр энергиясын өндүрүү үчүн 1000ден ашуун микро-ГЭС куруу пландаштырылууда. Күн энергиясы менен иштеген чырактарды орнотуу көчөлөрдү жарыктандыруу үчүн керектелүүчү энергияны эки эсеге азайтат.

2025-жылы 2,6 млрд кВт/саат электр энергиясын жана 1,1 млрд м³ газды үнөмдөө пландалууда.