Ташкент, 21.04.25. /Кабар/. Өзбекстанда 2025-жылдын 1-июлунан тартып бардык товарлардын экспортуна коюлган чектөөлөр жоюлат. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев глобалдык экономикалык терс өзгөрүүлөрдүн таасирин азайтуу боюнча өткөн жумушчу жыйында билдирди, деп маалымдайт өлкө башчысынын басма сөз кызматы.
Экспорттук эркиндик бардык товарларга тиешелүү болбойт: 86 товардык топко кирген чийки заттар жана эл керектеген негизги буюмдар мурдагыдай эле өзгөчө көзөмөлдө калат. Бул товарларга экспорттук бажы төлөмдөрү каралат.
Мамлекет башчысы бул чечим ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын баса белгиледи.
"Эгер ишкерлер пайдалуу, кирешелүү базарларга чыкса, анда алар өндүрүштү кеңейтүүгө, сапатты жогорулатууга умтулушат. Бул алардын ишке болгон кызыгуусун жана кирешесин арттырат", — деди Шавкат Мирзиёев.
Ошондой эле президент 2021-жылы киргизилген шекерге болгон 20% акциз салыгын алып салуу жана кургатылган сүттүн импортундагы чектөөлөрдү жоюу тапшырмасын берди.
Серепчилердин баамында, бул кадамдар өлкөнүн экономикасын жандантуу, ишкердикти колдоо жана ички базарды кеңейтүү максатын көздөйт.