Ташкент, 16.04.25. /Кабар/. Өзбекстандын Анжиян облусунда курулуп жаткан Жаңы Анжиян шаары расмий түрдө Захириддин Мухаммад Бабурдун ысымын алып, Бабур шаары деп аталмай болду. Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёев 15-апрелде Анжиян шаарындагы "Жаңы Өзбекстан" паркында өткөн иш-чарада билдирди.
Президенттин айтымында, Хазрети Бабур — дүйнөлүк тарыхта сейрек кездешчү улуу инсандардын бири. "Бабур Мирзо — Темурийлердин Ренессансынын татыктуу улантуучусу, илимдин, маданияттын, искусствонун жана адабияттын колдоочусу болгон. Андай улуу инсандын ысымын көчөлөргө, парктарга гана эмес, бүтүндөй бир шаарга берүү — эң туура чечим", — деди Шавкат Мирзиёев.
1483-жылы Анжиян шаарында төрөлгөн Захириддин Мухаммад Бабур — Бабурийлер династиясынын негиздөөчүсү, атактуу аскер башчы жана ойчул акын катары тарыхта аты калган. Анын урматына аталган жаңы шаарды келечекте заманбап билимдин, инновациянын жана маданий өнүгүүнүн борборуна айлантуу пландалууда.
Шаарда билим берүү кластерин түзүү каралууда. Анын курамына адистештирилген бала бакча, заманбап мектеп, университет, музей, китепкана жана IT-парк кирет. Университеттин аймагында эл аралык талаптарга жооп берген спорт комплекси да курулат. Ошондой эле парктын эң бийик жеринде Бабурга арналган жаңы эстелик тургузулат.
Бул ири долбоорду ишке ашыруу үчүн өзүнчө мамлекеттик программа кабыл алынып, ага 250 миллион доллар каралат. Жыл сайын шаар фондусуна кошумча каражат бөлүнүп турмакчы.
Анжиян — Өзбекстандын калкы эң тыгыз жайгашкан аймактарынын бири: өлкө калкынын 10 пайызы бул облусунун болгону 1 пайыз жеринде жашайт. Бабур шаары 2021-жылы курула баштаган жана ал айыл чарбага ылайыктуу эмес, бош турган 4000 гектар жерге жайгашууда. Курулуш иштери сегиз этап менен жүрүп жатат.
Учурда шаарда 63 көп кабаттуу үй (жалпы 1770 батир), 1680 орундуу мектеп, 420 орундуу бала бакча, 250 бейтапты кабыл алган поликлиника курулуп бүткөн. Мындан тышкары жеңил өнөр жай ишканасы жана ипотекалык борбор ишке кирген. 2025-жылы дагы 40 көп кабаттуу турак үй (1000ден ашуун батир) пайдаланууга берилет.
Жалпысынан 1439 гектар аймакка 2000 көп батырлуу үй куруу пландалууда. Мындан тышкары 1820 гектар жер жашыл зона катары пайдаланылат. Долбоор толук бүткөн соң шаар 410 миңден ашуун тургунду кабыл алууга ылайыктуу болот.
Инфраструктуранын өзгөчө бөлүгү катары 19 гектардык «Жаңы Өзбекстан» паркы белгиленген. Бул парктын аймагына 10 миңден ашуун кооз бак-дарак, бадал жана гүлдөр отургузулган.
Расмий маалыматтарга ылайык, азыркы учурда Өзбекстанда 600 миңге жакын этникалык кыргыз жашайт. Анын 400 миңден ашууну Анжиян облусуна туура келет.
Серепчилердин баамында, Бабур шаары келечекте элдердин ынтымагынын жана бай тарыхый мурастын символу катары мааниге ээ болоору күтүлүүдө.