Кыргызстандын киреше көрсөткүчү Өзбекстанда талдоого алынууда

Борбор Азия Загрузка... 04 Июль 2025 16:40
457631165_1019041800230454_5811946562165953261_n.730x0.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 04.07.25. /Кабар/. Өзбекстанда кеңири таралган “Kun uz|” сайтында "Кыргызстан калктын кирешесинин өсүшү боюнча Борбор Азияда биринчи орунга чыкты. Эмненин эсебинен?" деген макала жарыяланды.

Анда өзбекстандык белгилүү серепчилер Кыргызстанда акыркы 3 жылда калктын жан башына кирешеси 85 пайызга өсүп, 2500 АКШ долларына жеткенин, эгер бул өсүү тенденциясы сакталып калса, анда кошуна мамлекет 2027-жылга барып жан башына киреше боюнча Өзбекстандан озуп кетиши мүмкүн экенин, ал тургай 2030-жылга чейин орточо кыргызстандык орточо өзбекстандыкка салыштырмалуу 1,5 эсеге байыраак болушу мүмкүн экенин белгилешүүдө.

Макалада айтыгандай, акыркы үч жылда Кыргызстанда калктын жан башына кирешеси 85 пайызга өсүп, 2500 долларга жетти. Бул — Борбор Азиядагы эң жогорку көрсөткүч.

Эл аралык валюта фондунун маалыматына ылайык, 2022-2024-жылдар аралыгында Кыргызстандын ички дүң продукциясынын орточо өсүшү жылына 9 пайыздан келип, калктын киреше деңгээлин дээрлик эки эсе жогорулатты.

Бул көрсөткүчтөр коңшу Өзбекстанда да кызуу талкууга алынууда. Өзбекстандык экономика талдоочулары Кыргызстандын бул көрсөткүчтөрүн кылдат талдап, анын себептери жана келечектеги мүмкүн болуучу багыттары тууралуу пикир билдиришүүдө.

Өзбекстандык белгилүү экономист Миркомил Холбоев бул тенденцияга токтолуп, эгер өсүш ушул нукта уланса, Кыргызстан 2027-жылга барып калктын жан башына кирешеси боюнча Өзбекстандан ашып өтүшү мүмкүн экенин белгиледи.

"Эгер акыркы үч жылдагы доллардагы орточо өсүш сакталса, анда Кыргызстан 2026-жылы эле Өзбекстан менен теңелет. 2027-жылдан тарта болсо орточо кыргызстандык орточо өзбекстандыктан бай болуп калат. 2030-жылга барып бул айырма 1,5 эсеге жетиши ыктымал", — деп жазды Холбоев.

Ал арада өзбекстандык башка бир серепчи, экономика боюнча адис Отабек Бакиров Кыргызстандагы бул өсүштү бир нече фактор менен байланыштырды. Анын баамында, 2021-жылы бийликке келген жаңы администрациянын жүргүзгөн кайра борборлоштуруу саясаты экономикалык секирикке өбөлгө болду.

"Жаңы бийлик бюджетти, салык жана бажы системасын катуу көзөмөлгө алып, көмүскө экономиканын жолун тосту. Мындан сырткары, мурда четке кеткен кендер менен активдерди улутташтырып, өлкөнүн ресурстарын кайра мамлекетке кайтарды. Бул мамлекеттик кирешенин көбөйүшүнө чоң түрткү берди", — дейт Бакиров.

Экономист ошондой эле Кыргызстан Россияга карата киргизилген санкциялардан өз пайдасына натыйжалуу пайдаланып жатканын белгиледи.

"Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү катары Россия үчүн “параллел импорттун” маанилүү түйүнүнө айланды. Европадан жана башка мамлекеттерден келген автоунаа, техника, жабдуулар Кыргызстандын аймагы аркылуу Россияга кирип жатат. Бул да мамлекеттин кирешесине оң таасирин тийгизди", — деди ал.

Бирок өзбекстандык серепчилер бул өсүштү узак мөөнөттүү жетишкендик катары кабыл алуудан этият болуш керек экенин айтышууда. Отабек Бакировдун пикиринде, эгер азыркы бийлик катуулукту күчөтүп, авторитардык башкарууга ооп кетсе, же экономикалык багытта натыйжалуу реформалар болбой калса, бул өсүш токтоп калышы мүмкүн.

"Кыргызстан учурда ийгиликке жетти. Бирок муну сактап калуу үчүн саясий туруктуулук, ишенимдүү реформа жана ачык экономика керек. Болбосо азыркы өсүш убактылуу гана болушу мүмкүн", — деп эскертет Бакиров.

Серепчилердин айтымында, Кыргызстан азыр тарыхый мүмкүнчүлүк алдында турат. Аны туура пайдаланып, туруктуу экономикалык саясат жүргүзсө, өлкө жакынкы жылдарда Борбор Азиядагы кирешеси эң жогорку мамлекеттердин катарына кошулушу мүмкүн.