Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. Астана шаарындагы Көз карандысыздык сарайында Казакстанга мамлекеттик сапар менен келген Россия президенти Владимир Путинди салтанаттуу тосуп алуу аземи өттү, деп билдирет Казинформ.
Владимир Путинди президент Касым-Жомарт Токаев өзү тосуп алды.
Жогорку деңгээлдеги коноктун урматына Казакстандын Абадан коргонуу күчтөрүнүн аскердик учактары асманга көтөрүлүп, Россиянын туусунун түсүндөгү из калтырышты.

Сарайдын фойесинде Ардак кароол тизилип, Касым-Жомарт Токаев менен Владимир Путин бири-бирине расмий делегациялардын мүчөлөрүн тааныштырышты.
Андан соң Ардак кароол ротасынын командири саламдашуу рапортун берип, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.
Мамлекет башчылары кызыл килемдин үстү менен Казакстандын Мамлекеттик туусуна карай басып өтүштү, андан кийин эки өлкө лидерлеринин чакан курамдагы жолугушуусу башталды.
Эске салсак, Россиянын президенти Казакстанга Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен мамлекеттик сапар менен келген.
Буга чейин сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекет башчылары Казакстан менен Россиянын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди чыңдоонун учурдагы абалын жана келечегин талкуулай турганы кабарланган.
Ошондой эле бүгүн, 28-майда, Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин башчыларынын катышуусунда Евразия экономикалык форуму өтөт.
29-майда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйыны болот.