Өзбекстанда айдоочулар үчүн 12 баллдык айып системасы киргизилди

Борбор Азия Загрузка... 21 Февраль 2025 14:20
IMG-20250221-WA0057.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 21.02.25. /Кабар/. Өзбекстанда 21-февралдан тарта жол эрежесин бузган айдоочулар үчүн айып пул төлөө тууралуу жаңы мыйзам күчүнө кирдик. Тиешелүү мыйзамга президент кол койду, деп билдирет Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы.

Мындан ары ар бир катталган эреже бузуу үчүн айдоочу негизги жазадан тышкары айып упайларын алат. Бир бузулган эреже үчүн 2 упай алат. Топтолгон упайлар бир жыл бою күчүндө болот, андан кийин алар жокко чыгарылат. Бул аралыкта айдоочу 12 баллдан ашык упай топтосо, ал кеминде алты айга айдоочулук күбөлүгүнөн ажырайт.

Мындан тышкары, мыйзамда катуу маневр жасоо, дрифтинг жана шахматтык тактайча айдоо, ошондой эле жол кырсыгына алып келүүчү тоскоолдуктарды жараткан агрессивдүү айдоо үчүн жаңы административдик жазалар каралган. Адамдарды ташуу эрежелерин бузуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кадыр-баркын түшүрүүгө алып келген фото жана/же видеого тартуу да административдик жазага тартылуучу жосундардын тизмесине киргизилген.

Маанилүү жаңылыктардын бири – айрым мыйзам бузуулар үчүн кылмыш жоопкерчилиги киргизилди. Бул унааны мас абалында айдаганга, газ менен жүрүүчү автотранспортту туура эмес иштеткенге, ошондой эле айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган адамдын унаа башкарганына тиешелүү. Кошумчалай кетсек, эми кылмыштуулуктун категориясына мамлекеттик номурларды мыйзамсыз даярдоо, берүү же пайдалануу, ошондой эле МАИ кызматкерлеринин талабы боюнча транспорт каражатын токтотпоо дагы кирет.

Айдоочулук күбөлүктү алуу процессине да көзөмөл күчөтүлдү. Эми экзамендерди тапшыруу жана аттестаттарды берүү учурундагы мыйзам бузуулар да кылмыш жоопкерчилигине алып келиши мүмкүн.