Ташкент, 05.03.25. /Кабар/. 2025-жылдын январында Өзбекстан дүйнөнүн борбордук банктарынын ичинен эң көп алтын сатып алуучу болуп калды. Бул тууралуу Дүйнөлүк алтын кеңеши (WGC) билдирди.
Жылдын башында дүйнөлүк регуляторлордо баалуу металлга жогорку кызыгуу сакталып, алтынды сатып алуу 18 тоннаны түзгөн. Анткени, алтынга болгон суроо-талап өсүп жаткан геосаясий тобокелдиктердин шартында стратегиялык маанилүү бойдон калууда.
Өзбекстандын Борбордук банкы 8 тонна алтын сатып алып, анын эл аралык резервдеги үлүшүн 82% (391 тонна) чейин көбөйттү. Экинчи орунда Кытай банкы 5 тоннаны сатып алып, алтын запастарын 2 285 тоннага чейин көбөйттү (жалпы активдердин 6%). Казакстан 4 тонна менен үчүнчү орунга чыкты. Андан кийинки орунда Польша менен Индия (ар бири 3 тонна), Чехия (2 тонна) жана Катар (1 тонна).
Алтындын негизги сатуучуларына Россиянын жана Иорданиянын борбордук банктары (ар бири 3 тоннадан), ошондой эле Кыргызстан (2 тонна) кирген.
Эскерте кетсек, Өзбекстандын жалпы эл аралык активдери январь айында 1 млрд 720 млн долларга көбөйүп, 43 миллиард долларга жетти жана алтын запастарынын баасы да тарыхый эң жогорку чекке чыгып, 35 млрд доллардан ашты, ошол эле учурда валюта резерви да бир топ азайды.