Ташкент, 10.03.25. /Кабар/. 2025-жылдын 25-февралынан тарта Өзбекстан менен Түркмөнстандын ортосунда эркин соода режими киргизилди, деп билдирет өлкөнүн Инвестиция, өнөр жай жана соода министрлигинин маалымат кызматы.
Бул 2024-жылдын 16-июлунда Ташкентте эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы Макулдашуунун алкагында кол коюлган Эркин соода режиминен бошотуулар жөнүндө протоколду ишке ашыруу үчүн бардык зарыл жол-жоболор соңуна чыкканынан улам мүмкүн болгондугу айтылат.
Келишимге ылайык, эки өлкөнүн аймагында өндүрүлгөн айрым товарларга бажы төлөмдөрү, учурдагы чектөөлөр алынып, соода процедуралары жөнөкөйлөштүрүлдү.
Тактап айтканда, Түркмөнстан алып жаткан цемент (бажы 100% болгон), текстиль (50%), эмерек (50%), айнек идиштери (50%), суу жылыткычтар (15%), пластмасса жана полипропилен буюмдары (10%), колбаса жана эт азыктары (кг үчүн 2 доллар) жана пахта майы (литрине 1 доллар) үчүн бажы алымдары алынып салынды.
"Бажы алымысыз соода режимин колдонуу инвестициялык кооперацияны кеңейтүү жана өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү аркылуу эки өлкөнүн ортосундагы өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө негиз түзөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, 2024-жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 1,14 миллиард долларды түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу 5,5 пайызга өскөн.