Өзбекстан менен Пакистан соода жүгүртүүнү 2 млрд долларга жеткирүүнү пландоодо

Борбор Азия Загрузка... 26 Февраль 2025 18:06
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы

Ташкент, 26.02.25. /Кабар/. Өзбекстан менен Пакистандын ортосундагы соода жүгүртүү 2 млрд долларга чейин жеткирилет. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев менен премьер-министр Шахбаз Шарифтин Ташкентте өткөн сүйлөшүүлөрүндө айтылды, деп билдирди өлкө башчынын басма сөз кызматы.

Эки өлкөнүн лидерлери өз ара кызматташуунун олуттуу маселелерин талкуулашты. Өзбекстан менен Пакистандын ортосундагы соода жүгүртүү 2024-жылы 400 млн доллардан ашканы белгиленди. Жакын келечекте аны 2 миллиард долларга жеткирип, биргелешкен транспорттук-логистикалык компания түзүү мүмкүчүлүгү айтылды.

Ошондой эле жеңилдетилген сооданын алкагында товарлардын тизмесин кеңейтүү каралууда. Атап айтканда, буга фитосанитардык жана бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, электрондук соода аянтчаларын интеграциялоо, сатып алуу системасына жетүү жана банктар аралык эсептешүүлөрдү өнүктүрүү багыттары кирет.

Мындан тышкары, фармацевтика, электротехника, айыл чарба сектору, айыл чарба техникасы, геология, текстиль жана булгаары өнөр жайындагы долбоорлор да талкууланды.

Аймактар ​​ортосундагы ишкердик жана маданий байланыштарды жандандыруу максатында Шавкат Мирзиёев Өзбекстанда эки өлкөнүн аймактарынын форумун өткөрүүнү сунуштады.

Мирзиёев менен Шариф транспорттук байланышты чыңдоо жана транзиттик потенциалды ачуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Акыркы бир нече жылда Өзбекстан-Афганистан-Пакистан коридору боюнча жүк ташуу 5 эсеге өстү. Биргелешкен транспорттук-логистикалык компания түзүү жана Трансафган темир жолу долбоорун илгерилетүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Мамлекет башчылары туризмди жана маданий алмашууну кеңейтүү, маданият жумалыгын өткөрүү жана туристтик программаларды тартуулоону жактап чыгышты.

Лидерлер БУУ, ШКУ, ИКУ жана Кошулбоо кыймылынын алкагында кызматташууну, ошондой эле терроризмге, радикализмге жана исламофобияга каршы күрөштө күч-аракеттерди бириктирүү зарылдыгын талкуулашты.

Стратегиялык өнөктөштүк боюнча Жогорку Кеңешти түзүү жана анын биринчи жыйынын келерки жылы өткөрүү чечими кабыл алынды.