Өзбекстан менен Казакстан өз ара соода жүгүртүүнү 10 млрд долларга жеткирүүнү пландоодо

Борбор Азия Загрузка... 17 Март 2025 10:00
WhatsApp Image 2025-03-17 at 09.40.56.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 17.03.25. /Кабар/. Өзбекстан менен Казакстан 2030-жылга чейин өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнү 10 миллиард долларга жеткирүү боюнча программага кол коюшту, деп Өзбекстандын билдирет Инвестиция, өнөр жай жана соода министрлиги.

Өзбекстандын Инвестиция, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов менен Казакстандын соода жана интеграция министри Арман Шаккалиев учурдагы эки тараптуу макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн жана өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.

Жолугушууда дүң жана чекене сооданы өнүктүрүүгө, IT кызматтарын көрсөтүүгө, курулуш, финансылык жана камсыздандыруу ишмердигине, кыймылсыз мүлк багытындагы кызматташтыкка көңүл бурулду.

"Тараптар көлөмдөрдү көбөйтүү, тоскоолдуктарды жоюу жана продукцияны өз ара жеткирүү шарттарын жакшыртуу боюнча комплекстүү чараларды кабыл алууга даяр экендиктерин ырасташты", — деп айтылат билдирүүдө.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2024-жылы өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү дээрлик 4,3 миллиард долларга жеткен. Өзбекстанда ушул жылдын 1-мартына карата Казакстандын 15,5 миңден ашык компаниясы иш алып бара жаткандыгы айтылат.