Ташкент, 13.03.25. /Кабар/. Өзбекстан менен Франциянын президенттери Шавкат Мирзиёев менен Эммануэль Макрондун Париждеги сүйлөшүүлөрүндө эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгү тууралуу тарыхый чечим кабыл алынды, деп билдирет өлкө башчынын басма сөз кызматы.
Тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү перспективаларын талкуулашты. Тышкы иштер министрликтеринин алдында стратегиялык пландоо тобун түзүү боюнча макулдашууга жетишилди.
Чийки затты казып алуу жана кайра иштетүү, энергетика, инфраструктура жана транспорт тармактарында 6,5 млрд евролук долбоорлорду караган жаңы Инновациялык жана өнөр жай өнөктөштүгү программасы даярдалды. Биргелешкен демилгелердин жалпы портфели 12 млрд евродон ашат.
Лидерлер эл аралык уюмдарда кызматташууну бекемдөө жана глобалдык коопсуздук чакырыктарына биргелешип каршы туруу ниетин ырасташты.
Эскерте кетсек, 2024-жылы Өзбекстан менен Франция ортосундагы соода жүгүртүү биринчи жолу 1 млрд евродон ашкан, биргелешкен ишканалардын саны болсо төрт эсеге өскөн.