Өзбекстан Кыргызстандан көмүр импортун көбөйттү

Экономика Загрузка... 21 Апрель 2025 09:16
photo_21_.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 21.04.2025. /Кабар/. 2025-жылдын башынан тартып Өзбекстан Кыргызстандан таш көмүр сатып алууларды көбөйттү. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМК Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянып билдирди.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2025-жылдын январь жана февраль айларында Өзбекстанга жөнөтүлгөн көмүрдүн көлөмү 186,8 миң тоннага жетип, бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 52,4%га көп.

Импорттун акчалай суммасы да өсүштү көрсөттү: жалпы көлөмү 12,4 млн долларды түзүп, өткөн жылга караганда 12,6%га жогорулаган. Өзбекстан учурда Кыргызстандын көмүрүнүн башкы сатып алуучусу болуп, жалпы экспорттун 97%дан ашыгын түзгөн.

Ошол эле учурда көмүрдүн бардык түрлөрү боюнча өсүү болгон жок. Мисалы, бур көмүр (лигнит) боюнча импорт дээрлик эки эсе кыскарып, 51,3 миң тоннага жеткен. Бул Өзбекстан негизинен таш көмүрдү артык көрүп жатканын жана ал өзүнүн өнөр жайы менен энергетика тармактарына көбүрөк ылайыктуу экенин билдирет.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын ноябрында Кыргызстандын бийлиги ЕАЭБге мүчө эмес өлкөлөргө автоунаа жолу менен көмүр экспорттоого убактылуу чектөө киргизген. Бирок Өзбекстанга болгон жеткирүүлөр токтогон жок, анткени көмүр негизинен темир жол аркылуу ташылып, бул эки өлкө ортосундагы туруктуу соода байланыштарын сактоого шарт түздү.

Өзбекстандын расмий органдары билдиргендей, өлкө 2030-жылга чейин көмүр казып алууну 20%га чейин көбөйтүүнү мерчемдөөдө. Бул болсо келечекте импортко болгон көз карандылыкты азайтууга багытталган аракеттердин бир бөлүгү катары каралууда.