Ташкент, 04.11.25. /Кабар/. Өзбекстан Жазуучулар союзунун мүчөсү, акын, публицист жана белгилүү журналист Шухрат Орифтин «44-күз» аттуу ыр жыйнагы Бишкек шаарында жарык көрдү. Бул тууралуу китептин автору маалымдады.
Ырларды таланттуу акын, Жолон Мамытов атындагы сыйлыктын ээси Гүлүмкан Исаева кыргыз тилине которгон. Китепке алгы сөздү Кыргызстандын Жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары, белгилүү акын Атантай Акбаров жазган. Басылма «Мукай» басмаканасында жарык көргөн.
Шухрат Ориф — өзбек адабиятын чет өлкөлөрдө активдүү таанытып жүргөн чыгармачыл инсандардын бири. Быйыл сентябрь айында анын «Mavi erk» аттуу китеби түрк тилинде Анкара шаарында жарык көргөн. Акындын ырлары англис, түрк, азербайжан, кыргыз, казак, түркмөн жана уйгур тилдерине которулган.
Эскерте кетсек, 2025-жылы Шухрат Ориф Өзбекстан президентинин жарлыгы менен «Достук» ордени менен сыйланган. Ошондой эле түрк элдеринин адабий байланышын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун медалына да татыктуу болгон.
Акын быйыл май айында Ош шаарында өткөн Жолон Мамытовдун 85 жылдыгына арналган «Жашыл дүйнө» түрк элдеринин адабият фестивалына, ошондой эле июнь айында Ысык-Көлдө өткөн Чыныбай Турсунбековдун элесине арналган поэзия фестивалына катышкан.