Заманбап технология жана сапат. Кыргызстандыктар Дубайда суу чыгаруучу завод ачты

Министрлер кабинети 05 Февраль 2026 12:00
6983608da6745-thumb.jpeg
6983608f80702-thumb.jpeg
6983609a346be-thumb.jpeg
69836090c50e8-thumb.jpeg
69836092beb6d-thumb.jpeg
69836097d40af-thumb.jpeg
698360945e67e-thumb.jpeg
698360954c871-thumb.jpeg
698360959c35c-thumb.jpeg
698360978d161-thumb.jpeg
69836099305fa-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
6983608da6745-thumb.jpeg
6983608f80702-thumb.jpeg
6983609a346be-thumb.jpeg
69836090c50e8-thumb.jpeg
69836092beb6d-thumb.jpeg
69836097d40af-thumb.jpeg
698360945e67e-thumb.jpeg
698360954c871-thumb.jpeg
698360959c35c-thumb.jpeg
698360978d161-thumb.jpeg
69836099305fa-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 05.02.26. /Кабар/.  Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Epos Water Production LLC” заводуна барды. Белгилей кетсек, завод Кыргызстандын жарандары тарабынан ачылган.

Минкаб төрагасы Бириккен Араб Эмираттарында өндүрүштүк ишкана ачуу профессионалдуулукту, стратегиялык ой жүгүртүүнү жана өнөктөштөрдөн ишенимди талап кылган олуттуу кадам экенин белгиледи.

“БАЭ рыногу дүйнөдөгү эң динамикалуу өнүгүп жаткан рыноктордун бири жана ага кыргызстандык компаниянын кириши биздин продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн жана улуттук бизнесибиздин жетилгендигинин көрсөткүчү”, - деди ал.

Иш сапардын жүрүшүндө минкаб төрагасы компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышып, өндүрүш жайларын жана технология линияларын көрүп чыкты.

Компания бөтөлкөдөгү ичүүчү сууну жана суусундуктарды чыгарат. Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 50 миң бөтөлкөгө чейин жетет. Заманбап линиялар жана көп баскычтуу суу тазалоочу системалар менен жабдылган. Өндүрүш БАЭнин санитардык жана тамак-аш коопсуздугунун талаптарына жооп берет.

Ошондой эле сууну тазалоо жана ичүүчү суу өндүрүү тармагында алдыңкы технологияларды колдонуу маселелери, мүмкүн болуучу кызматташтыктын жана тажрыйба алмашуунун келечеги талкууланды.

Белгилей кетсек, бул компания Кыргызстанда “Crystal” деген бренд менен бөтөлкөдө суу чыгарат (“НАК” ЖЧК).