Бишкек, 27.05.26. /Кабар/. ЮНЕСКО үстүбүздөгү жылдын 18–21-июнь күндөрү өтө турган Эл аралык Ысык-Көл форумуна расмий патронаж берди. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Бул маанилүү макулдашууга маданият министри Мирбек Мамбеталиевдин Париж шаарына болгон иш сапарынын алкагында жетишилди.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу Туруктуу өкүлү Садык Шер-Нияз КР Министрлер Кабинетинин расмий кайрылуусун уюмдун жетекчилигине тапшырды.
Форумду эл аралык деңгээлде колдоо маселеси министр Мирбек Мамбеталиев менен ЮНЕСКОнун Башкы директору Халед Эль-Энанинин эки тараптуу жолугушуусунда да кеңири талкууланды. Мындай патронаждын берилиши — Ысык-Көл форумунун дүйнөлүк деңгээлдеги маанилүү жана таасирдүү интеллектуалдык диалог аянтчасы катары таанылгандыгынын кезектеги далили болуп саналат.
Маалымат үчүн: Эл аралык Ысык-Көл форуму 1986-жылы улуу жазуучу жана гуманист Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен негизделген. Ал адамзаттын келечеги, прогресстин этикасы, дүйнөлүк саясаттагы маданияттын орду жана интеллигенциянын тарыхый жоопкерчилиги сыяктуу глобалдык маселелерди талкуулаган ачык эл аралык аянтча болуп эсептелет.