Бишкек, 12.06.25. /Кабар/. Ысырапкорчулукту жоюу түшүндүрүү жолу менен ишке ашат. Бул тууралуу Кыргыз эл жазуучусу, президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев “Кабар” маалымат агенттигинин “Талдоо time” берүүсүндө билдирди.
Анын айтымында, акыркы учурда каада-салттардагы ашыкча чыгымдар, ысырапкорчулук жана бири-бири менен атаандашкан учурлар коомубузда көп кездешип жатат.
“Жакында кудага барсам, куда бир жылкы сойсо, түштөндүргөндөр эки тай, 17 кой союптур. Кудага бир эле күнгө барасын. Бир күндө 20 киши ооз тийип эле коюп, калганы ысырап болот. Себеби, бир күндө анча көп тамактын баарын жей албайсың. Айрым учурда маркумду акыркы сапарга узатууга 2–3 миңге чейин киши чогулуп, 5–6 мал союлуп жатат. Мындай көрүнүштүн зарылдыгы жок. Бир эле кара мал союп, 55 жаштан улуу адамдарды чакырып чай берип койсо жетиштүү”,- деди ал.
Абыкеев белгилегендей, айрым той ээлери элге көрүнүш үчүн миңдеген кишини чакырып, кымбат тойканаларда той өткөрүп, чыгымдын чеги жок болууда.
“Ушундан улам өлкө башчыбыз ашыкча чыгым болбосун деп жарлыкты чыгарды да. Айрым айылдарда бул демилге эске алынып, адамдар тартипке келе баштады. Мындай көйгөйдү жергиликтүү жаамат өзү колго алуусу керек. Айылдын тургундары өздөрү чечиши керек. Албетте, баары өзүнүн убакыты менен болот. Буга дагы убакыт керек. Жарлык чыкты, муфтият айтты дароо аткарылып калат деген туура эмес. Мунун баары акырындык жана түшүндүрүү жолу менен ишке ашат”,- деди Абыкеев.