Бишкек, 27.01.26. /Кабар/. Себет, түштөндүрүү дегендердин бардыгы коом өзгөргөндөн кийин кирген жаңы үрп-адаттар жана ушул нерселерден арылууну туура деп эсептейм. Мындай пикирин Жусуп Баласагын атындагы КУУнун тарых жана чөлкөм институтунун профессору Аскарбек Беделбаев "Элден собол" берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, каада-салт менен үрп-адат түшүнүгүндө этнографиялык жактан бир аз айырма бар. Каада-салт кылымдар бою калыптанып, абдан консервативдүү болуп калса, үрп-адаттар турмуштун шартына, коомдун өзгөрүшүнө жараша кошумчаланып келет.
“Ысырапкорчулук деп салт-санааны таптакыр токтотуп салышка болбойт, бирок белгилүү бир ченемде болушу керек. Мисалы, долбоордо жамандыкта биринчи күнү мал союлбасын деп жазылыптыр. Сөөк койгону келген элди кичине өзөк жалгатпаса кандай болот? Эл талкууда ушул боюнча пикирлерин айтат болуш керек. Алыстан-жакындан келген тууган-урук, куда-сөөк деген бар. Бул кыргыздын түпкүлүгүнөн келе жаткан каада-салты. Куда-сөөк, тууган-урук алыстан келсе, эшикте кышкы суук болсо кантип мал сойбой коет”,- деди ал.
Беделбаев негизинен дин кызматкерлери бул багытта эл арасына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин белгиледи.
“Сөөктү узатууда, нике кыюу мезгилинде мамлекеттик саясатты жүргүзүп ысырапкорчулукту чектесек болот. 1960-жылдардан бери билгениме караганда дасторкондун үстүндө боорсок, нан, май, кант мына ушулар эле болуп келген. Азыр сөөк узатуу менен тойдун айырмасы жок. Биринен бири өтүп жашылча, мөмө-жемиштин баарын коюп жатышат. Муну көргөн колунда жокторго кыйын болуп, насыя алганга чейин өтүштү. Анан насыяны төлөй албай мигрант болуп кетишет. Бул нерселерди негизи коомчулук деле туура кабыл алат болуш керек. Ысырап кылбай, бирок маркумга сый-урмат көрсөтүп, кабыл алынган каада-салт менен узатсак”,- дейт Беделбаев.