Бишкек, 05.08.26 /Кабар/. Бүгүн эртең мененки саат 07:05те Ысык-Көл облусунда күчү 3 баллдык жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту кабарлады.
Алдын ала маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Ысык-Көл облусунун аймагында, Эңилчек айылынан 9 чакырым батышта, Каракол шаарынан 68 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Жер титирөө Эңилчек айылында 2,5 баллга, ал эми Кургак айылында 2 баллга чейин сезилген.