Үч чоку долбоору. Жыргалаң айылында 35/10 кВ көмөк чордону курулууда

Аймак 17 Июнь 2025 09:40
IMG_3904.JPG
IMG_3921.JPG
IMG_3921 (1).JPG
IMG_3911.JPG
IMG_3887.JPG
Алдыга
Артка
IMG_3904.JPG
IMG_3921.JPG
IMG_3921 (1).JPG
IMG_3911.JPG
IMG_3887.JPG
Алдыга
Артка
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 17.06.25. /Кабар/. Ысык-Көл электр тармагы ишканасы Жыргалаң өрөөнүндө 35/10 кВ көмөк чордонун курууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, көмөк чордон "Үч чоку" долбоорунун алкагында курулууда.

Учурда электр жабдууларын орнотуу үчүн фундаменттин курулушу толугу менен аяктап, 35 кВ өчүргүч жана 10 кВ комплекттүү бөлүштүрүүчү түзүлүш орнотулду.

Жакын арада кубаттуулугу 2500 кВА болгон күч трансформатору орнотулат.

Ошондой эле узундугу 6 чакырым болгон 35 кВ аба чубалгысы дал ошондой чыңалуудагы кабелдик чубалгыга алмаштырылат. Бул электр энергиясын туруктуу жана коопсуз камсыздоону шарттайт. Курулуштун алкагында кошумча 10/6 кВ трансформатору (кубаттуулугу 1000 кВА) орнотулат жана узундугу 0,3 чакырым болгон 6 кВ аба чубалгысы тартылат.