Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулагандар кармалды

Укук тартиби 130 18 Август 2026 12:30
WhatsApp_Image_2026_maOcz7B.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
775448173_1567908471353975_1287767977150139980_n.jpg
778972643_1358171626495553_4340570053974202002_n.jpg
779307623_1878745450168085_6298211035847045074_n.jpg
776222584_1396229495765193_6663372794938163493_n.jpg
777882459_2660570997693163_9212733824947813008_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ысык-Көл ОИИБ

Бишкек, 18.08.26. /Кабар/. Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулап жүргөн эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-августтан 17-августка караган түнү Тоң районунун "Аалам-Ордо" аймагында Туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери браконьерликке каршы рейд жүргүзүшкөн.

Анын жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулап жаткан эки жаран кармалган. Алардан 50 чебак, болжол менен 13 судак, 6 синтетикалык тор жана үйлөмө желим кайык далил зат катары алынган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголкп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары уланууда.