Ысык-Көлдө суунун сапаты изилденүүдө

Коом 25 сентябрь 2026 10:55
Ысык-Көлдө суунун сапаты изилденүүдө
copyright icon Кыргызгидромет

Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Ысык-Көлдүн суусунун сапатына гидрохимиялык мониторинг жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Гидрометеорологиялык кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда көлдүн ар кандай тереңдиктеринен суу үлгүлөрү алынып, гидрохимиялык жана физикалык-химиялык көрсөткүчтөрү изилденүүдө.

Изилдөө Ысык-Көлдүн суусунун учурдагы абалы тууралуу ишенимдүү жана объективдүү маалыматтарды алуу, суунун сапатынын көрсөткүчтөрүндөгү өзгөрүүлөргө байкоо жүргүзүү жана көлдүн экосистемасына таасир этиши мүмкүн болгон факторлорду өз убагында аныктоо максатын көздөйт.

Мониторингдин жыйынтыгында алынган маалыматтар Ысык-Көлдүн суусунун сапатынын учурдагы көрсөткүчтөрүн баалоого, мурдагы байкоолордун жыйынтыктары менен салыштырууга жана көлдөгү узак мөөнөттүү өзгөрүүлөргө байкоо жүргүзүүгө багытталат.

Маалымат үчүн: Кыргызгидромет тарабынан Ысык-Көлдүн суусунун сапатына мониторинг жылына эки мезгилде — туристтик сезон башталганга чейин жана туристтик сезон аяктагандан кийин жүргүзүлөт. Мындай ыкма сезондук өзгөрүүлөрдү аныктоого жана суунун сапатынын көрсөткүчтөрүн ар кандай мезгилдер боюнча салыштырууга мүмкүндүк берет.