Ысык-Көлдө окуучулар канаттуулар үчүн уяларды орнотту

Аймак 1 апрель 2025 16:05
487940667_993643892870973_1383811273849075146_n.jpg
488025374_993643816204314_6647958626640551838_n.jpg
487907386_993643772870985_1059313480959638238_n.jpg
488600933_993643699537659_3413993351886478310_n.jpg
487924098_993643649537664_8800539099102933018_n.jpg
Алдыга
Артка
487940667_993643892870973_1383811273849075146_n.jpg
488025374_993643816204314_6647958626640551838_n.jpg
487907386_993643772870985_1059313480959638238_n.jpg
488600933_993643699537659_3413993351886478310_n.jpg
487924098_993643649537664_8800539099102933018_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon NABU Кыргызстан уюму

Бишкек, 01.04.25. /Кабар/. Балыкчы шаарынын Ак-Өлөң айылындагы С.Каралаев атындагы №11 орто мектебинин окуучулары өз колдору менен жасаган уяларын канаттуулар үчүн бак-дарактарга илишти. Бул тууралуу NABU Кыргызстан уюмунан билдиришти.

Мындай экологиялык иш-чара жогоруда аталган уюм, Ысык-Көл биосфералык аймагынын дирекциясы жана Ысык-Көл мамлекеттик жаратылыш коругунун өкүлдөрү менен биргелешип уюштурган иш-чаранын алкагында жана 1-апрель – Канаттууларды коргоонун эл аралык күнүнө карата өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучуларга канаттуулардын түрлөрү, алардын мааниси жана коргоо жолдору тууралуу маалымат берген атайын презентация көрсөтүлдү. Кызыктуу маалыматтар менен коштолгон сабактан кийин, окуучулар көл жээгинде талаа практикасына чыгышты. Алар подзордук труба жана дүрбүнүн жардамы менен канаттууларды байкап, аларды жакындан изилдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Эске сала кетсек, 1-апрель – дүйнө жүзүндө Канаттууларды коргоонун эл аралык күнү катары белгиленет. Бул майрам алгач 1894-жылы АКШда пайда болуп, кийинчерээк башка өлкөлөргө да жайылган. 1906-жылдын 1-апрелинде ЮНЕСКОнун «Адам жана биосфера» программасынын алкагында Канаттууларды коргоо боюнча атайын конвенцияга кол коюлуп, ошондон бери бул дата канаттууларды коргоого арналган күн катары белгиленип келет.

Кыргызстанда канаттуулардын 400гө жакын түрү катталган. Бул түрлөрдүн ичинен 57си өлкөнүн Кызыл китебине киргизилген.