Илбирсти коргоо күнү: Кочкордо экологиялык көргөзмө ачылды

Экология

Алдыга
Артка

copyright icon NABU Кыргызстан уюму

Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Бүгүн, 23-октябрь — Илбирстерди коргоонун эл аралык күнүнө карата Нарын облусунун Кочкор районундагы Осмонаалы Сыдык уулу атындагы музейде "Тоолордун сакчылары: NABU жана Кыргызстандагы илбирсти сактоо" аттуу экологиялык фотокөргөзмө ачылды. Бул тууралуу NABU Кыргызстан уюмунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көргөзмө NABU Кыргызстан уюмунун көп жылдык жаратылышты коргоо ишмердүүлүгүнө арналган. Анда өлкөнүн тоолорунда жашаган жаныбарлардын, анын ичинде илбирс, мадыл, журтчу, кумай, ителги, аюу жана башка жапайы жаныбарлардын сүрөттөрү коюлду.

Ошондой эле көргөзмөгө уюмдун кызматкерлери колдонгон атайын кийимдер, жапайы жаныбарларга мониторинг жүргүзүүдө пайдаланылуучу жабдуулар коюлган. Алардын катарында дүрбү, GPS-аппараты, рация, дрон, аралыкты өлчөгүч жана башка шаймандар бар. Мындан тышкары, талаа шартында колдонулуучу чатыр, уктоочу кап, каремат жана карда жүрүүчү техника сыяктуу жабдуулар да көрсөтүлдү.

Көргөзмөнүн дагы бир бөлүгүн жаратылышты коргоого арналган маалыматтык материалдар түзөт. Алардын арасында NABU Кыргызстан уюмунун мүдүрү Толкунбек Асыкуловдун экологиялык китептери, брошюралар, буклеттер жана календарлар бар. Бул материалдар аркылуу келгендер уюмдун ишмердүүлүгү, илбирсти жана өлкөнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери тууралуу кеңири маалымат ала алышат.

Экологиялык фотокөргөзмө жергиликтүү тургундарга, мектеп окуучуларына жана бардык кызыккан адамдарга 15-ноябрга чейин акысыз көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, буга чейин ушундай көргөзмө Бишкек, Балыкчы жана Ош шаарларында уюштурулган. Эми жаратылышты коргоо боюнча маалыматтарды аймактардагы тургундарга жеткирүү максатында көргөзмө башка облустарда да өткөрүлөт.

Жергиликтүү тургундар, жаштар жана жаратылышка кызыккан бардык тараптар аталган фотокөргөзмөгө келип, Кыргызстандын тоолорундагы жапайы жаныбарлар дүйнөсү жана аларды коргоо аракеттери менен таанышып кетишсе болот.