Ысык-Көлдө кум үстүндөгү күрөш боюнча чемпионат өтөт

Спорт Загрузка... 20 Июнь 2025 16:44
504389276_18361093630196946_2989797086490664284_n.jpg
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 20.06.25./Кабар/. 20-21-июнь күндөрү Балыкчы шаарында өспүрүмдөр, жаштар жана чоңдор арасында кум үстүндөгү күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.

Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:
Эркектер арасында: 70, 80, 90, +90 кг;
Кыз-келиндер арасында: 60, 70, +70 кг;
Жаштар арасында (U-20): 60, 70, 80, +80 кг;
Кыздар арасында (U-20): 50, 60, +60 кг;
Өспүрүмдөр арасында (U-17): 50, 60, 70, +70 кг;
Кыздар арасында : 40, 50, +59 кг.

Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.