Ысык-Көлдө кол күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт

Спорт Загрузка... 02 Июнь 2026 15:30
enc_entry_4795.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. 5–14-июнда Ысык-Көлдө армрестлинг (кол күрөш) боюнча 24-Азия чемпионаты жана пара-армрестлинг боюнча 23-Азия чемпионаты өтөт.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, чемпионаттын алкагында сол жана оң кол боюнча мелдештер өткөрүлүп, жалпы 291 категорияда жеңүүчүлөр аныкталат.

Биринчиликке Азия өлкөлөрүнөн эң күчтүү спортчулар катышып, чоңдор, жаштар, юниорлор, өспүрүмдөр, ардагерлер жана майыптыгы бар спортчулар байгелүү орундар үчүн күч сынашат.

Эскерте кетсек, Азия чемпионаты Азия армрестлинг федерациясы жана Кыргызстандын армрестлинг федерациясы тарабынан уюштурулууда.