Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик контингенти Россияда өткөн спорттук мелдеште жалпы командалык эсепте 2-орунду ээледи.
Коргоо министрлигинен билдиришкендей, мелдештер биргелешкен аскердик машыгуулардын алкагында уюштурулуп, ага сегиз мамлекеттин аскердик контингенттеринин курама командалары катышты.
Аскерлер волейбол, футбол, аркан тартыш, гиря көтөрүү жана кол күрөш боюнча күч сынашты.
Кыргызстандын аскердик контингенти мелдештерде 2-орунду ээлеп, командалык эсепте байгелүү орунга ээ болду.