Ысык-Көлдө келечектин шаары: "Тамчы" инвестициялык аймагына капсула салынды

Министрлер кабинети 20 Февраль 2026 15:00
699817b902ac7-thumb.jpg
699817a2afe58-thumb.jpg
699817a5d9ad9-thumb.jpg
699817aaa8923-thumb.jpg
699817ae8568e-thumb.jpg
699817b18e303-thumb.jpg
699817b56b1b6-thumb.jpg
699817bca3def-thumb.jpg
699817bf6dd71-thumb.jpg
699817c28bcd6-thumb.jpg
699817c96470c-thumb.jpg
6998178c87608-thumb.jpg
6998178f8b3bd-thumb.jpg
69981782eff4f-thumb.jpg
69981792abe97-thumb.jpg
699817889c7de-thumb.jpg
699817988b719-thumb.jpg
Алдыга
Артка
699817b902ac7-thumb.jpg
699817a2afe58-thumb.jpg
699817a5d9ad9-thumb.jpg
699817aaa8923-thumb.jpg
699817ae8568e-thumb.jpg
699817b18e303-thumb.jpg
699817b56b1b6-thumb.jpg
699817bca3def-thumb.jpg
699817bf6dd71-thumb.jpg
699817c28bcd6-thumb.jpg
699817c96470c-thumb.jpg
6998178c87608-thumb.jpg
6998178f8b3bd-thumb.jpg
69981782eff4f-thumb.jpg
69981792abe97-thumb.jpg
699817889c7de-thumb.jpg
699817988b719-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 20.02.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл районундагы "Тамчы" атайын финансылык-инвестициялык аймагынын (АФИА) курулушуна капсула салуу аземине катышты. 

Түзүлүп жаткан аймак эл аралык финансы борбору, глобалдык капиталды, финтех жана IT-инновацияларды тартуу борбору, ошондой эле эл аралык соода жана жүк агымдарын бириктирген заманбап логистикалык хаб болууга тийиш. Долбоор Ысык-Көл аймагынын потенциалына ылайыкташтырылган алдыңкы финансы борборлорунун дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларына негизделген.

Аймактын негизги артыкчылыгы инвесторлор үчүн түшүнүктүү, туруктуу жана жогорку атаандаштыкка жөндөмдүү чөйрөнү түзүү болот. 

"Тамчы" АФИА долбоорунун негизги параметрлери: 

  • 2035-жылга чейин жалпы аянты 470 миң чарчы метрден ашык заманбап кеңсе борборлорун, турак жай комплекстерин жана туристтик объектилерди этап-этабы менен куруу пландалууда. Аймак ишкердик, логистикалык (аэропортко жакын) жана рекреациялык зоналарга бөлүнөт. 
  • Бизнестин кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу үчүн англис укугунун принциптеринде иштеген талаш-тартыштарды чечүү боюнча көз карандысыз эл аралык борбор түзүлөт. 
  • Аймактын резиденттери 49 жылга чейин  салыктардан бошотулат. Капиталдын эркин жүгүртүлүшү, ийкемдүү валюта режими жана 100 пайыздык чет элдик катышуусу менен иш жүргүзүү укугу каралган.
  • 100 гектардан ашык аянтта 2035-жылга чейин жыл сайын 90 миңге чейин турист агымы күтүлгөн масштабдуу инфраструктура түзүлөт. 

Минкаб башчысы өз сөзүндө "Тамчы" долбоорун ишке ашыруу өлкөнүн экономикалык келечеги үчүн өтө маанилүү стратегиялык кадам экенин белгиледи.

Ачылыш аземди жыйынтыктап жатып, Адылбек Касымалиев өлкөнүн макроэкономикалык ийгиликтерине токтолуп, "Тамчы" өсүштүн рекорддук көрсөткүчтөрү фонунда ишке киргизилип жатканын белгиледи. 

"Кыргызстан инвесторлор үчүн ачык. Биз түшүнүктүү эрежелерди, сапаттуу колдоону жана узак мөөнөттүү туруктуулукту камсыздайбыз. Сиздердин ийгилигиңиздер – бул биз үчүн жаңы жумуш орундары, технологиялар жана өсүш экенин түшүнөбүз. Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн экономикасы жогорку темптерди көрсөтүүдө: 2025-жылы ИДПнын өсүшү 11,1%ды түздү, ал эми акыркы төрт жылдагы орточо реалдуу өсүш 10,2%га жетти. «Тамчы» бул өнүгүүгө жаңы импульс берүүчү фактор болуп калат. Урматтуу инвесторлор, бакубаттуулуктун негизи – биримдикте. Келиңиздер, биргеликте ийгиликтерге жетишели. «Тамчыга» кош келиңиздер!" – деп сөзүн жыйынтыктады.