Бишкек, 18.07.25. /Кабар/. 26-июлда Ысык-Көлдүн борбордук ат майданында ат чабыш боюнча "Мурас" мелдеши өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Бул масштабдуу иш-чара "Манас" эпосунун духун, Ак-Кула жана Тайтору сыяктуу уламыштуу образдарды, жоокердик күч менен туруктуулукту чагылдырат.
Турнир улуттук ат оюндарын, этно маданиятты жана шоу-программаны камтыйт.
Программада:
- кызыктуу жана таймаштуу ат чабыштар;
- баатырлардын күч сынашуусу;
- көчмөн элдин тарыхый маданиятын чагылдырган этно-дефилелер;
- кыргыз эстрадасынын жылдыздары катышкан концерттик программа.
Иш-чара — 15:30, ал эми концерттик бөлүк — 18:00дө башталат.
Концерттин катышуучулары КР эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Калыков, эл аралык фестивалдардын жеңүүчүсү Омар, популярдуу аткаруучулар Малика-Дина, Ахти, Нурчолпон, Иса Өмүркулов, Ислам Сатаров, Элера Кабылжан кызы, Самат Уланбеков жана башкалар.
Иш-чара белгилүү этнодизайнер Асель Калканова жетектеген "Аталар Изи" тобунун өзгөчө этно-шоусу менен коштолот.
Кирүү акысыз!