Ысык-Көлдө 32 объект текшерилип, мыйзамсыз жүргөн 36 мигрант аныкталды

Укук тартиби 4 июнь 2026 12:45
WhatsApp Image 2026-06-04 at 09.43.53.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-04 at 09.43.55.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-04 at 09.43.54.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-04 at 09.43.52.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-04 at 09.43.51.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon УКМК

Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда миграциялык мыйзамдарды бузган 36 адам аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан 2-3-июнда "Нелегал-ЖККУ-2026" эл аралык ыкчам-профилактикалык операциясынын алкагында миграциялык мыйзамдардын бузулушун аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.

Анын алкагында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 32 объект, ошондой эле 5 өлкөдөн келген 768 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилди.

Анын жыйынтыгында өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөн 36 чет өлкөлүк жаран аныкталды. Ал эми мыйзам бузуулар боюнча жалпысынан 64 административдик протокол түзүлдү. Укук бузуучуларга карата мыйзамга ылайык айып пулдар салынды.

Учурда аларды өлкө аймагынан чыгаруу боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.