Ысык-Көл облусунда 117 миң 484 адам шайлоо өнөктүгүнө катышты

Шайлоо Загрузка... 30 Ноябрь 2025 20:35
WhatsApp Image 2025-11-30 at 20.31.23.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.11.25 /Кабар/. Ушул сааттарда Ысык-Көл облусундагы 7 округга караштуу 250 шайлоо тилкесинде шайлоочулардын саны 117 миң 484 адамды же 33,2%ды түздү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, облуста жалпысынан 353 миң 516 шайлоочу бар.

Саат 20:00гө карата облуста төмөндөгүдөй санда добуш берилген:

- Ак-Суу району – 18 миң 79 же 39,3 %;

- Ысык-Көл району – 20 миң 424 же 31,7%;

- Түп району – 17 миң 89 же 36, 4%;

- Тоң району – 14 миң 542 же 35,6%;

- Жети-Өгүз району – 22 миң 642 же 33,7%;

- Каракол шаары – 13 миң 8 же 25%;

- Балыкчы шаары – 11 миң 700 же 32,4 %.