Ысык-Көлдө 18:00гө карата 96 миң 443 адам шайлоо өнөктүгүнө катышты

Шайлоо Загрузка... 30 Ноябрь 2025 18:40
WhatsApp Image 2025-11-30 at 18.33.56.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.11.25 /Кабар/. Ушул сааттарда Ысык-Көл облусундагы 7 округга караштуу 250 шайлоо тилкесинде шайлоочулардын саны 96 миң 443 адамды же 27,3%ды түздү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, облуста жалпысынан 353 миң 516 шайлоочу бар.

Саат 18:00гө карата облуста төмөндөгүдөй санда добуш берилген:

- Ак-Суу району – 14 миң 282 же 31 %;

- Ысык-Көл району – 16 миң 149 же 25%;

- Түп району – 13 миң 872 же 29,6%;

- Тоң району – 12 миң 430 же 30,4%;

- Жети-Өгүз району – 18 миң 469 же 27,5%;

- Каракол шаары – 10 миң 950 же 21,1%;

- Балыкчы шаары – 10 миң 291 же 28,5 %.