Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарында уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар адамдарга карата түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, аталган адамдар кылмыштуу курамдардан жана уурулук идеялардан баш тарта тургандыктарын, мыйзамдарды сактоого даяр экендиктерин видео кайрылуу аркылуу билдиришип, бул материалдар документтештирилди.
Атайын кызмат уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө катышуу, ошондой эле аларды каржылоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.
Белгилей кетсек, УКМК жана ИИМ биргеликте Кыргыстанда уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүү боюнча тынымсыз иш-чараларды жүргүзүп келет.