Ысык-Көл менен Элязыг боордош аймак болот. Кыргыз-түрк кызматташтыгы талкууланды

Министрлер кабинети 30 Сентябрь 2025 23:45
68dbcf673ba95-thumb.JPG
68dbcf66e5e35-thumb.JPG
68dbcf66e27be-thumb.JPG
68dbcf67ae59b-thumb.JPG
68dbcf67d4f34-thumb.JPG
68dbcf67d415a-thumb.JPG
68dbcf67615a3-thumb.JPG
68dbcf68010c9-thumb.JPG
68dbcf6724059-thumb.JPG
68dbcf6762017-thumb.JPG
68dbcf6791537-thumb.JPG
68dbcf6791713-thumb.JPG
Алдыга
Артка
68dbcf673ba95-thumb.JPG
68dbcf66e5e35-thumb.JPG
68dbcf66e27be-thumb.JPG
68dbcf67ae59b-thumb.JPG
68dbcf67d4f34-thumb.JPG
68dbcf67d415a-thumb.JPG
68dbcf67615a3-thumb.JPG
68dbcf68010c9-thumb.JPG
68dbcf6724059-thumb.JPG
68dbcf6762017-thumb.JPG
68dbcf6791537-thumb.JPG
68dbcf6791713-thumb.JPG
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 30.09.25 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Түркиянын Элязыг провинциясынын губернатору Нуман Хатибоглу менен жолукту.

Жолугушууга түрк тараптан Элязыг шаарынын мэри Шахин Шерифогуллары жана Фырат университетинин проректору Мехмед Йылмаз да катышты. Кыргыз тараптан президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев, профессор Закир Азизов жана “Кыргыз пэл биримдиги” коомдук бирикмесинин жетекчиси Асанбай Өмүрзаков катышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, эки өлкөнүн ортосундагы бир туугандык жана стратегиялык мамилелердин жогорку деңгээлин белгилешти.

Эдил Байсалов Кыргызстан Түркия менен ар тараптуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи. Саясий диалогду бекемдөөгө, аймактар аралык байланыштарды өнүктүрүүгө, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары түрк тарапка маданий демилгелерди, атап айтканда Элязыг провинциясында Чыңгыз Айтматовдун элесин түбөлүккө калтыруу боюнча долбоорлорго катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле “Юнус Эмре” атындагы түрк маданий борборунун Кыргызстанда ачылышынын маанилүүлүгү белгиленди, анткени ал маданий дипломатиянын өнүгүшүнө жана элдердин достугун чыңдоого чоң салым кошот.

Ошондой эле, Элязыг провинциясы менен Ысык-Көл облусунун ортосунда бир тууган байланыш мамилелерин түзүүнүн келечеги талкууланды, бул аймактар аралык деңгээлдеги түз байланыштарды кеңейтип, эки тараптуу кызматташууга жаңы жол ачат.
 Эдил Байсалов түрк тарапты Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорго жигердүү катышууга чакырып, министрлер кабинетинин бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, административдик тоскоолдуктарды азайтуу, ишкердик мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча милдеттенмелерин белгиледи.

Губернатор Нуман Хатибоглу өз кезегинде жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Элязыг провинциясынын тургундарынын саламын айтып, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы менен ого бетер атактуу болгон Кыргызстандын бай тарыхый мурасын белгилеп өттү. Ал билим берүү, илим, тарых, шаарларды өнүктүрүү тармактарында достук байланыштарды чыңдоо жана кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иштердин жүрүүсүнө кызыкдар экенин кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда Эдил Байсалов Элязыг провинциясынын делегациясынын иш сапары кыргыз-түрк мамилелеринин өнүгүшүнө кошумча дем берерине ишенимин билдирип, алардын мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.