Ысык-Атада жылына 13 млн балапан чыгаруучу канаттуулар заводу курулат

Аймак 07 Июль 2025 09:20
5424826926922591638.jpg
5424826926922591640.jpg
5424826926922591635.jpg
5424826926922591620.jpg
5424826926922591612.jpg
5424826926922591610.jpg
5424826926922591606.jpg
Алдыга
Артка
5424826926922591638.jpg
5424826926922591640.jpg
5424826926922591635.jpg
5424826926922591620.jpg
5424826926922591612.jpg
5424826926922591610.jpg
5424826926922591606.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 08.07.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Ата районунун Сары-Жон айылындагы "Сары Жон" асыл тукум канаттуулар заводунун курулушуна капсула салды. 

Ведомстводон маалымдашкандай, долбоор фермерлердин балапан багытындагы жумурткаларга болгон муктаждыктарын канааттандыруу жана импортту алмаштыруу маселесин чечүү болуп саналат.

"Бул өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого, тоок жумурткасын өндүрүү наркын төмөндөтүүгө болгон маанилүү кадам. Долбоорду ишке ашыруу дыйкандарга, канаттуулар фермаларына жана тоок жумурткасын сатып алуучуларга да пайда алып келет", - деди Төрөбаев. 

"Сары Жон" асыл тукум канаттуулар заводу өндүрүш процесстерин автоматташтыруу жана биокоопсуздук жаатындагы эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап европалык жабдуулар менен жабдылат.

Ишкана ишке кирсе 40 жумушчу орун түзүлөт. Жалпы 75 миң башка ылайыкталган 3 даана ата-энелик канаттуулар сарайы салынат. Жылына 13 миллионго чейин балапан чыгаруучу инкубатор курулуп, 6,5 миллионго чейин бир күндүк тоок балапандары чыгарылат. Мында ветеринардык биокоопсуздук боюнча балапандарды эмдөөнүн эң заманбап схемалары колдонулат. Ошондой эле канаттуулардын ооруларын аныктоо, канаттуулар фабрикаларындагы ветеринардык абалга мониторинг жүргүзүү боюнча ветеринардык лаборатория курулат. Бул туурасында "ТриТ" ишканасынын башкы директору Укубаев Талгат Туратбекович маалымдады.

Белгилей кетсек, долбоор Айыл чарба министрлигинин, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.