Ысык-Атада жаратылышты булгаган ишканага 111 миң сом айып салынды

Укук тартиби 19 Июнь 2026 14:10
WhatsApp Image 2026-06-19 at 07.34.02 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-06-19 at 07.34.03.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-19 at 07.34.02 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-06-19 at 07.34.02.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-19 at 07.34.01.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Ысык-Ата районундагы "Грин Гоу" ишканасы экологиялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн ири көлөмдө айып пулга жыгылды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, жергиликтүү тургундардын жамааттык арызынан кийин инспекторлор аталган ишкананы текшерип, саркынды сууларды айлана-чөйрөгө туура эмес төгүү жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу тууралуу маалыматтарды жашыруу же бурмалоо сыяктуу мыйзам бузууларды аныкташкан.

Бул фактылар боюнча протоколдор түзүлүп, ишканага 111 миң сом айып пул салынды.

Мындан тышкары, ишкана жетекчилигине экологияны булгаган каталарды тез арада жоюу талабы коюлду.