Бишкек, 27.03.25. /Кабар/. Ысык-Атада мыйзамсыз жер тилкесин сатуу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ысык-Ата районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө мурдагы Логвиненко айыл өкмөтүнүн жооптуу кызмат адамдары тарабынан 2023-жылы базар баасы 4 млн 65 миң сомду түзгөн 2500 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз түрдө 1 млн 200 миң сомго жеке менчикке сатып жиберишкендиктери аныкталган.
Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергелүүдө.
Ал эми аталган жер тилкени муниципалдык менчикке кайтаруу боюнча учурда тиешелүү чаралар көрүлүүдө.