Ынтымак Ордодо Улуттук өнүктүрүү программасынын долбоору талкууланды

Министрлер кабинети 19 май 2025 22:25
682b284cf41df-thumb.jpg
682b3c9b4ce00-thumb.jpeg
682b284d0b7e6-thumb.jpg
682b284d3d15c-thumb.jpg
682b284d3e515-thumb.jpg
682b284d67d19-thumb.jpg
682b284d682ef-thumb.jpg
682b284da2f3d-thumb.jpg
682b284da4d21-thumb.jpg
Алдыга
Артка
682b284cf41df-thumb.jpg
682b3c9b4ce00-thumb.jpeg
682b284d0b7e6-thumb.jpg
682b284d3d15c-thumb.jpg
682b284d3e515-thumb.jpg
682b284d67d19-thumb.jpg
682b284d682ef-thumb.jpg
682b284da2f3d-thumb.jpg
682b284da4d21-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 19.05.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2030-жылга чейинки мезгилге карата Улуттук өнүктүрүү программасынын долбоорун талкуулоо боюнча кеңейтилген кеңешме өткөрдү.

Министрлер кабинетинин төрагасы улуттук деңгээлдеги бул стратегиялык документ өлкөбүздүн орто мөөнөттүү өнүгүү жолун тактап, мамлекеттик саясаттын негизи болуп саналарын айтты.

“Программанын негизги миссиясы – биздин жарандарыбызга татыктуу шарттарды түзүп, бакубатчылыгын жогорулатуу. Документте өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырган өзгөчөлүктөрүн, мүмкүнчүлүктөрүн жана глобалдык тренддерди эске алуу менен төрт өнүгүү векторлору аныкталган, алар: индустралдаштыруу, регионалдык хаб, айыл чарба жана туризм, жашыл энергетика”, - деп Адылбек Касымалиев баса белгиледи.

Кеңешменин алкагында экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Программанын долбоорунун негизги багыттары тууралуу айтып берди. Документ өзүнө төмөнкүдөй бөлүмдөрдү камтыйт: руханий жана адеп-ахлактык өнүгүү, өнүгүү векторлору, чакан жана орто бизнести колдоо, каржы рыногун өнүктүрүү, санариптештирүү, социалдык өнүктүрүү, мамлекеттик башкаруу, укуктук системаны өнүктүрүү, тышкы саясат жана улуттук коопсуздук, климаттын өзгөрүшүнө туруктуулук жана программаны ишке ашырууну башкаруу.