“Ынтымак Ордодо” Тажикстандын президентин тосуп алуу салтанаты өтүүдө

Саясат 13 март 2025 11:05
WhatsApp Image 2025-03-13 at 08.50.12 (6).jpeg
WhatsApp Image 2025-03-13 at 08.50.12 (5).jpeg
WhatsApp Image 2025-03-13 at 08.50.12 (4).jpeg
WhatsApp Image 2025-03-13 at 08.50.12 (3).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-03-13 at 08.50.12 (6).jpeg
WhatsApp Image 2025-03-13 at 08.50.12 (5).jpeg
WhatsApp Image 2025-03-13 at 08.50.12 (4).jpeg
WhatsApp Image 2025-03-13 at 08.50.12 (3).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. “Ынтымак Ордодо” Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду тосуп алуу салтанаты өтүүдө.

Тажикстандын президентинин кортежи "Ынтымак Ордого" келди. Имараттын флагштокторуна Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик желектери илинип, эки өлкөнүн гимни жаңырып, ардактуу кароолдун тизилүүсү менен аскердик парад өттү.

Эскерте кетсек, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кечээ, 12-мартта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген. “Манас” эл аралык аэропортунда Тажикстандын президентин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тосуп алган.

Тажикстандын президентинин мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге жана башка эки тараптуу документтерге кол коюлары күтүлүүдө.