"Ынтымак Ордодо" күрөш боюнча Азия чемпионатынын жаш жеңүүчүлөрү сыйланды

Министрлер кабинети 14 Октябрь 2025 11:35
68eddb2c99113.jpg
68eddb29c7159.jpg
68eddb2c25572.jpg
68eddb2c4849d.jpg
68eddb2c26d6d.jpg
68eddb2c08d6a.jpg
68eddb2c6ea62.jpg
68eddb2c6a02a.jpg
68eddb2c4af13.jpg
68eddb2bf1fcd.jpg
68eddb2bce1ff.jpg
68eddb2b46652.jpg
68eddb2b7710c.jpg
68eddb2b26c48.jpg
68eddb2b9ccf3.jpg
68eddb2b7b7cd.jpg
68eddb2b5b4b2.jpg
68eddb2af2c41.jpg
68eddb2aa1735.jpg
68eddb2a85c09.jpg
68eddb2a09f66.jpg
68eddb2a3c8b4.jpg
Алдыга
Артка
68eddb2c99113.jpg
68eddb29c7159.jpg
68eddb2c25572.jpg
68eddb2c4849d.jpg
68eddb2c26d6d.jpg
68eddb2c08d6a.jpg
68eddb2c6ea62.jpg
68eddb2c6a02a.jpg
68eddb2c4af13.jpg
68eddb2bf1fcd.jpg
68eddb2bce1ff.jpg
68eddb2b46652.jpg
68eddb2b7710c.jpg
68eddb2b26c48.jpg
68eddb2b9ccf3.jpg
68eddb2b7b7cd.jpg
68eddb2b5b4b2.jpg
68eddb2af2c41.jpg
68eddb2aa1735.jpg
68eddb2a85c09.jpg
68eddb2a09f66.jpg
68eddb2a3c8b4.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 14.10.25 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев президенттин атынан грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 15 жана 20 жашка чейинки спортчулар арасындагы Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрүнө сертификаттарды тапшырды.

Белгилей кетсек, ушул жылдын июнь айында Бишкекте өткөн бул ири эл аралык мелдешке Азиянын 45 өлкөсүнөн 500дөн ашык спортчусу катышкан. Анда өлкөнүн жаш балбандары 5 алтын, 8 күмүш, 17 коло болуп жалпысынан 30 медаль жеңип алышкан.

"Президенттин жана министрлер кабинетинин атынан сиздерди жеңишиңиздер менен куттуктайбыз. Бул чоң жеңиш жаштарыбыздын эрктүүлүгүнүн, жогорку деңгээлдеги даярдыгынын, Мекенге болгон сүйүүсүнүн айкын далили. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров спортту колдоого, жаштардын ден соолугун чыңдоого, эл аралык чемпиондорду тарбиялоого өзгөчө басым жасап келет. Спорт – бул элдин күчү, элинин намысы, мамлекетинин кадыр-баркы. Акыркы жылдары өлкөбүздө спорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча көп иштер жүргүзүлүп, таланттуу улан-кыздарга кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө. Мына ушул аракеттердин аркасында Кыргызстанда сиздердей күчтүү, аракетчил, дүйнөлүк деңгээлдеги спортчулардын жаңы мууну өсүп келе жатат”, - деди Адылбек Касымалиев.

Минкаб төрагасы жаш балбандардан келечекте дүйнө чемпиондору жана олимпиада жеңүүчүлөрү болуп өсөөрүнө ишенимин билдирип, аларга бекем ден соолук, жаңы спорттук ийгиликтерди жана жаркыраган жеңиштерди каалады.

Алтын, күмүш жана коло медалдардын ээлерине 150 000, 100 000 жана 50 000 сомдук акчалай сыйлыктардын сертификаттары тапшырылды.