Бишкек, 15.12.25. /Кабар/. 12-декабрга карата Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топко 274 бузуулар тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Анда айтылгандай, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топко 116 материал келип түшкөн. Анын ичинен 62 факты боюнча административдик айып салынган.
Арыздарды жана даттанууларды кароо боюнча жумушчу топко 39 материал келип түшкөн, анын ичинен 12 факты боюнча административдик айып салынган.
Ал эми БШКнын көзөмөлдөө-текшерүү тобуна 4 билдирүү келип түшсө, анын ичинен 2 факты боюнча административдик айып салынган.
БШКдан белгилешкендей, жумушчу топторго келген ар бир билдирүү ыкчам түрдө иликтенип, укук коргоо органдарына жана башка тиешелүү тараптарга жөнөтүлдү. Боршайкомго келип түшкөн кайрылуу, арыз, даттануунун бардыгы каралды.