Япониянын тажрыйбасы өнүгүүнүн үлгүсү – Касымалиев

Министрлер кабинети 27 Февраль 2026 09:40
69a04d07c6da6-thumb.jpeg
69a04d54777a2-thumb.jpeg
69a04d07dc880-thumb.jpeg
69a04d13c47ed-thumb.jpeg
69a04d084b27b-thumb.jpeg
69a04d138dba5-thumb.jpeg
69a04d145c726-thumb.jpeg
69a04d146f187-thumb.jpeg
69a04d1379ce7-thumb.jpeg
69a04d1403a32-thumb.jpeg
69a04d086021f-thumb.jpeg
69a04d1412554-thumb.jpeg
69a04d5442304-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
69a04d07c6da6-thumb.jpeg
69a04d54777a2-thumb.jpeg
69a04d07dc880-thumb.jpeg
69a04d13c47ed-thumb.jpeg
69a04d084b27b-thumb.jpeg
69a04d138dba5-thumb.jpeg
69a04d145c726-thumb.jpeg
69a04d146f187-thumb.jpeg
69a04d1379ce7-thumb.jpeg
69a04d1403a32-thumb.jpeg
69a04d086021f-thumb.jpeg
69a04d1412554-thumb.jpeg
69a04d5442304-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 27.02.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Япониянын адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча гранттык стипендиялык программасынын (JDS) Кыргызстанда ишке ашырылышынын 20 жылдыгына арналган форумга катышты.

Өкмөт башчысы адам капиталын өнүктүрүүнү өлкөнүн узак мөөнөттүү стратегиялык приоритети катары караарын белгиледи. Ал JDS программасын мындан ары кеңейтүүгө жана жаш мамлекеттик кызматкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө кызыкдар экенин билдирди.

”Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа ишке ашырылган 20 жылдын ичинде 300дөн ашуун жараныбыз Рицумейкан, Мэйдзи, Цукуба, Хиросима жана Япониянын эл аралык университети сыяктуу алдыңкы окуу жайларда билим алышты. Алардын илим жана технология, мамлекеттик башкаруу, инновациялар жаатында алган билими биздин коомго жана экономикага тикелей таасирин тийгизүүдө. Бул — программанын чыныгы натыйжасы”, — деп белгиледи ал.

Ошондой эле Япониянын элчилигине, JICA жана JICE уюмдарына системалуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Адылбек Касымалиев Япония Чыгыш өлкөлөрүнүн арасында биринчилерден болуп экономикалык керемет жаратып, дүйнөлүк илим менен техниканын авангардына айланганын айтты. Анын пикиринде, Япониянын тажрыйбасы Кыргызстан да эң жогорку ийгиликтерге жетише аларына ишенимди бекемдейт.

"Акыркы жылдары бизде чоң ийгиликтерге жетише алабыз деген ишеним пайда болду. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүү темпи 11,1%ды түздү. Биз дагы экономикалык керемет жасоого үмүттөнөбүз жана аны ”Ак илбирстин секириги“ деп атайбыз", — деди төрага.

Дүйнө Японияны каада-салт менен заманбап технологияны айкалыштырган өлкө катары билерин айткан төрага, Кыргызстан да индикативдик пландоонун ушундай моделин өзүндө колдонууга аракет кылып жатканын кошумчалады. Соңунда ал JDS программасынын бүтүрүүчүлөрү алган билимин улуттук жоопкерчилик менен айкалыштырып, өлкөнүн өнүгүшүнө татыктуу салым кошоруна ишенимин билдирди.