Япониядан 1,5 млрд иен: "Улуттук электр тармагынын" окуу базасы жаңыланат

Президент Загрузка... 23 Март 2026 11:20
52dd8621ad9a18952aa7296586bb7a5f.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 23.03.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров "Кыргызстанда электр тармактарын пайдалануу жана тейлөө боюнча окуу борборунун потенциалын чыңдоо" долбоору боюнча ратификациялоо мыйзамына кол койду.

Кыргызстандын министрлер кабинети менен Япония өкмөтүнүн жана Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы гранттык макулдашуу жөнүндө болуп жатат.

Долбоордун негизги максаттары:

  • "Кыргызстан улуттук электр тармагы" (КУЭТ) ААКтын окуу борборунун материалдык-техникалык базасын заманбап деңгээлге жеткирүү;
  • Электр энергетика тармагындагы адистерди даярдоо жана кайра даярдоо тутумун жакшыртуу;
  • Өлкөнүн электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жана туруктуу иштешин камсыз кылуу.

Гранттык макулдашуунун алкагында Япония тарап 1 535 000 000 (бир миллиард беш жүз отуз беш миллион) япон иенасын бөлүп берет. Бул каражат окуу борборун модернизациялоого жана тийиштүү жабдуулар менен камсыздоого багытталат.

Кол коюлган мыйзам аталган эл аралык келишимдердин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарууну көздөйт.