Японияда тез жардам тик учагы дайынсыз жоголду

Дүйнө 7 апрель 2025 12:12
Японияда тез жардам тик учагы дайынсыз жоголду

Бишкек, 07.04.25. /Кабар/. Японияда тез жардам тик учагы дайынсыз жоголду. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.

Маалыматка караганда, тик учак менен байланыш саат 15:00дө Нагасаки префектурасынын Цусима аралына жакын жерде деңиздин үстүндө жүргөндө үзүлгөн.

Бортто учкуч, механик, эки медайым, 80 жаштагы бейтап жана аны коштоп жүргөн үй-бүлө мүчөсү болгон.

Учурда куткаруучулар тарабынан издөө-куткаруу иштери уланууда.