Бишкек, 05.03.25. /Кабар/. Япониянын борбору Токио шаарынан 110 чакырым алыстыктагы Сидзуока перфектурасында дүйнөдөгү эң кичинекей парк табылды. Бул тууралуу “Казинформ” агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, анын аянты болгону 0,24 чарчы метрди түзөт. Болжол менен A4 форматындагы эки барактын өлчөмү. Паркта бонсай техникасы менен кесилген жашыл, такта жана таш жасалгалары бар.
Парк 1988-жылы түзүлгөн. Идея жергиликтүү тургун Шужи Коямага таандык. Ал АКШга болгон сапарында ошол кездеги эң кичинекей Орегон штатындагы Милл Эндс паркын көрүп, өз шаарында жаңы рекорд коюуну чечкен.
Парктын аймагы жолдордун кесилишинде жайгашкан.
Учурда парк сүрөткө түшкөндү жакшы көргөн туристтер арасында популярдуу болууда. Парк 2024-жылдын 25-декабрында шаардык парк катары расмий статуска ээ болгон. Ал эми үстүбүздөгү жылдын март айында парк Гиннесстин рекорддор китебине киргизилди.