Бишкек, 05.08.26 /Кабар/. Япониянын өкмөтү Кумамото префектурасында 28-июлда болгон күчтүү жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн резервдик фонддон 24,2 миллиард иен (болжол менен 153 миллион АКШ доллары) бөлүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу өлкөнүн министрлер кабинетинин башкы катчысы Минору Кихара билдиргенин, ТАСС жазды.
Кихаранын айтымында, бөлүнгөн каражаттын негизги бөлүгү авариялык жана калыбына келтирүү иштерине жумшалат. Анын ичинде жабыркаган аймактардагы жолдорду жана көпүрөлөрдү оңдоо, турак жайынан ажыраган жарандарды убактылуу жайгаштыруу, ошондой эле эвакуациялык борборлорду тамак-аш, керебет жана башка зарыл буюмдар менен камсыз кылуу каралган.
Эске салсак, 28-июлда Кумамото префектурасында күчү 7,1 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул акыркы жылдардагы өлкөдөгү эң күчтүү жер титирөөлөрдүн бири болду. Акыркы маалыматтарга ылайык, кырсыктан 38 адам каза болуп, ондогон жарандар жаракат алышкан. Бир катар аймактарда үйлөр, жолдор жана көпүрөлөр олуттуу зыянга учураган.
Учурда кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине куткаруучулар жана тиешелүү кызматтар менен катар Япониянын Өзүн-өзү коргоо күчтөрүнүн 4,6 миңге жакын аскер кызматкери тартылган.