Январда Кыргызстанга которулган акчанын көлөмү 215,3 млн долларды түздү

Экономика Загрузка... 13 Март 2025 17:29
347211982650817.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. 2025-жылдын январь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 215,3 млн долларды түзгөн.

Улуттук банктан билдиришкендей, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн – 203,7 млн доллар келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн которулган каражат 11,5 млн доллар болгон.

2025-жылдын январь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан акча которуулардын көлөмү 22,9 млн долларды түздү.

Анын ичинен 19,8 млн доллары КМШ өлкөлөрүнө, 3,1 млн доллары алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн.