“Өлүм коркунучтуу эмес, аны талаада бир эмес, эки жолу кезиктирдик” – “Кара түн” аттуу атактуу согуш ырындагы бул саптарды Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Самаркул Акылбеков кийинчерээк, тынчтык мезгилде эле жакшы көрүп ырдап калчу. Бул ыр саптар ага 1941-жылдан 1945-жылга чейин адамзаттын тарыхындагы эң чоң жана эң каргашалуу согушту эстетип турган. Чүйдүн кичинекей айылынан чыккан кыргыздын эр жүрөк баласы 16 жашында өспүрүм кезинде фронтко аттанып, жаштыгын ошол жерде өткөргөн. Ал Волоколамск шоссесинде Москваны коргоп, 1945-жылы жеңишти майрамдап, андан кийин Экинчи дүйнөлүк согуштун акыркы очогун жок кылуу үчүн Манчжурияга барган. Бул жоокердин, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согушка катышкан жүз миңдеген кыргызстандыктардын эрдигин жана даңктуу эрдигин баалабай коюу мүмкүн эмес. Алардын эрдиктерин баары эле биле бербейт, бирок аларды унутпоо керек! Бул ирет «Кабар» маалымат агенттигинин журналисти Назгүл Нурманбетова Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, атасы Самаркул Акылбековду эскерди.
Атамды эскерүү
Атам подполковник Самаркул Акылбеков 1924-жылы күзүндө Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Жар-Башы айылында туулган. Ал жаш кезинде томолой жетим калып, андан кийин 13 жашында, борбор каалага жөө жетип, оор турмушта жашап кетүүгө аргасыз болгон.
Улуу Ата Мекендик согуш башталганда ал 17ге чыга элек болчу. Бирок өз ыктыяры менен согушка барууну чечкен экен. Ал кезде бир дагы документтери жок болуп, фронтко жөнөтүү үчүн жашым 18ден ашты деп, өзүн 2 жашка улуу айтып койгон.

Ошентип ага 1922-жылдын 7-ноябры туулган күнү деп жазылган документ берилген.
Ошондогу жаш, арык, бою кыска бала согуштун кандай оор сыноолорун башынан өткөргөнүн өзү гана билсе керек. Ал мага, согуштагы каргашалуу окуяларды айтып берчү эмес. Атам 73 жашында дүйнөдөн кайтканда, мен дагы эле өспүрүм болчумун. Бирок, атам жыл сайын 9-майда кийген салтанаттуу аскердик кийими азыр да эсимде. Ал бул салтанаттуу датага бир күн мурун эле кылдаттык менен даярданып, шымын үтүктөп, көкүрөгүнө орден-медалдарын тизмеги менен дыкат тагып чыкчу.

Биздин үй-бүлөдө 9-май негизги майрам болгон жана болуп кала берет. Бул Жеңиш күнү ал үчүн канчалык мааниге ээ болгонун, мен үчүн түшүнүксүз жалтыраган төш белгилер ал үчүн кандай кенч болгонун азыр гана түшүндүм.
Атам мени кээде парадга алып барганы эсимде. Параддан кийин атам башка ардагерлер менен чайканага барып, бак-дарактардын салкын көлөкөсүндө бир чыны жыпар жыттуу чай үстүндө эски согуш жылдарын эскеришчү.

А мен, анда назик көйнөкчөн, ак бантик тагынган кичинекей кызмын. Алардын бырыш баскан жүздөрүндөгү жылмаюуларын, муңдуу көздөрүндөгү жашты сабырдуулук менен карап турчумун.
Атам абдан боорукер, кадыр-барктуу адам болгон, аны баары абдан жакшы көрүшчү – туугандары, кошуналары, достору. Согуштан кийин аскердик жолду басып өтүп, көп жерде иштеп, аскердик карьерасын курган. Фрунзе шаарына көчүп келгенге чейин Талас шаарындагы аскер комиссариатынын башчысы болуп иштеген. Апам балдардын келечекте каалада билим алуусу керектигин айтып, борборго көчүп кетүүгө аргасыз болуп, Фрунзеге көчүп кетишиптир. Борбор каалада атам ЖЭБтин күзөт башчысы болуп иштеп, кийин пенсияга чыккан.

Бир туугандарымдын эскерүүлөрүнөн
Менден үч улуу агам бар, табиятты сүйгөн атам аларды тоого көп алып чыгып турчу.
Ал жерде атам от жагып, согуш ырларын ырдап, кээде согуш окуяларын айтып берчү. Бирок, ал окуяларды айтып берип, коркутуп-үркүтүүнү да жактырчу эмес. Алардын балалыгын бейпил өткөрүүгө ар тараптан аракет кылган. Ошондуктан өзүнүн оор согуш жылдарындагы аңгемелерин анчейин көп айта берчү эмес.
Бирок, бир туугандарым анын Волоколамск шоссесинде болгон салгылашуу тууралуу айтып бергенин көп эстешет. Атам ошол учурда Москваны коргоого жөнөтүлгөн экен. Ал жерде ал душмандын снайперинен башынан жарадар болуп, бирок аман калган. Андан кийин, согуш жылдарында ал дагы эки жолу – колунан жана бутунан жарадар болгон. Бирок ар бир жолу сакайып, кайра эле тикесинен тик туруп согушка аттанганы белгилүү.

Атам танкага каршы жөө аскерлерде кызмат өтөгөн. Арык бала 20 кг салмактагы мылтыгын танкка каршы көтөрүп жүрчү экен. Бирок эмнегедир советтик тасмаларда аны эки адам көтөрүп жүргөнү көрсөтүлөт. Алэми атамдын шериги, улгайган киши болгондуктан, ага оор жүк көтөртпөй куралды атам жалгыз көтөрүүгө аргасыз болгон. Бир нече саат бою сууктан тоңгон жерге жатууга туура келип, чүчкүрө да, жөтөлө да алышкан эмес.
Бир жолу алар токойдо адашып калы, анда бир нече жоокерлер ачкачылыктан каза болушат. Ошентип жүрүп алар немистин ичинде тамак-ашы бар баштыгын таап өзөк жалгап аман калышкан. Ушундай айыгышкан салгылашууларда, үч гана адам аман калып, анын бири атам болгон.
Улуу Ата Мекендик согуш аяктагандан кийин атам аскердик жолун бүтпөй, Манчжурияга барып, советтик-япондук согушка катышып, ал жерде жеңишке жеткенге чейин согушкан.

Азыр анын жашоосуна талдоо жүргүзүп, атамдын эрдүүлүгүнө таң калып бүтпөйм. Ким болгон? Тажрыйбалуу мушкерби же жөн эле бактылуу жигитпи? Балким, Кудайдын сүйүктүү пендеси болгон. Өмүрүндө ал 2 жолу инфаркттан аман калган. Атам 1995-жылы күзүндө өпкөнүн сезгенип ооруганынан каза болгон. Ар бир жолу анын өмүрү кылдын учунда турса да, ошончо иретир нече аман калган.
Самаркул Акылбеков бүтүндөй Ата Мекендик согушту жана советтик-япондук согушту башынан өткөрүп, үч жолу жарадар болгон. Жаштыгына карабай эрдик менен салгылашкандыгы үчүн “Аскердик каармандыгы үчүн”, “Эрдик үчүн”, “Кызыл Жылдыз” ордендери жана 1-, 2-даражадагы Ата Мекендик Согуш ордендери жана башка көптөгөн аскердик сыйлыктар менен сыйланган.
Жыл сайын Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жылдан-жылга кыскарып жаткандыгы өкүнүчтүү.
Кимдир бирөө менен телефон аркылуу сүйлөшүп, дагы бир куралдашынын каза болгондугу тууралуу кайгылуу кабарды угуп, көңүлү чөгүп калар эле. Анан акырын телефонду коюп, бөлмөгө кирип, көпкө унчукпай, терезени карап, бир нерсени ойлоп жатып калчу. Атамдын ошол каргашалуу күндөрүн эстеп, досун түбөлүктүү сапарга узатып жатканын угуп, кандай абалда болгонун эми түшүндүм.
Дагы канча ар кандай кыйынчылыктар, даңазалуу жеңиштер болду. Эгерде мен ошондо жашым чоңураак болсо, анын эрдиктерин чагылдырган жана согуш талаасында өз өмүрүн кыйган көптөгөн жоокерлердин окуяларын чагылдырган бардык окуяларын келечек муундар үчүн сактап калмакмын деп ойлойм.
Ал согуш тууралуу эстеликтерин өзү менен кошо ала кеткендир, бирок анын эрдиги өлбөс...
Назгүл Нурманбетова (Акылбекова), «Кабар» маалымат агенттиги