Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон мамлекеттик сапары аяктады

Президент 2444 09 Июль 2025 18:00
518349361_1278813417586623_1926583279529805113_n.jpg
518327077_1278813414253290_8677193877050754393_n.jpg
504379455_1278812587586706_5681846585366627718_n.jpg
504381341_1278812747586690_3132922182505915739_n.jpg
504377645_1278812660920032_8477795768762018434_n.jpg
504381248_1278812770920021_8633335281508499386_n.jpg
514328815_1278812930920005_4972400470295651531_n.jpg
515137393_1278812860920012_8977451285793199594_n.jpg
515175295_1278812990919999_4918221876174908271_n.jpg
515484796_1278812110920087_653808452423457794_n.jpg
515499523_1278813907586574_166306242473743263_n.jpg
515768321_1278812427586722_5874988277370140511_n.jpg
515860168_1278812814253350_3112548481269869254_n.jpg
515985596_1278812354253396_6462338557060001931_n.jpg
516454688_1278812444253387_8622139357083366459_n.jpg
516643858_1278812284253403_6618811570856150677_n.jpg
516762589_1278812507586714_1192313475096074332_n.jpg
516763128_1278813717586593_2581458491454850075_n.jpg
516800767_1278812367586728_1690473096299158703_n.jpg
516924672_1278812564253375_4026508472909704686_n.jpg
516975975_1278812287586736_4959648562699709954_n.jpg
517062684_1278812130920085_1338073287141507800_n.jpg
517076171_1278812487586716_1178962489037778607_n.jpg
517121752_1278813550919943_7251864155597290671_n.jpg
517125387_1278812994253332_6674225764595773764_n.jpg
517127301_1278815160919782_1882478703902122538_n.jpg
517147224_1278812074253424_7133951395710604624_n.jpg
517318849_1278814944253137_638317321967976846_n.jpg
517374098_1278813457586619_1364693356936800386_n.jpg
517384415_1278812680920030_3477373464639640439_n.jpg
517401665_1278812184253413_386438934631777416_n.jpg
517574872_1278814977586467_5728408642794183737_n.jpg
518021630_1278814997586465_1170690772026791547_n.jpg
518108980_1278813807586584_5324702956684152399_n.jpg
518127296_1278812214253410_8633326216339292727_n.jpg
518241995_1278812887586676_7699120206393967975_n.jpg
518270069_1278814110919887_4248751473332371439_n.jpg
518271777_1278815047586460_1047881622525258544_n.jpg
518272983_1278815240919774_3632971245625139999_n.jpg
518283704_1278815147586450_6167518891106911740_n.jpg
518284599_1278812057586759_2099319363100906511_n.jpg
518288945_1278813467586618_2594311588040702900_n.jpg
518294466_1278815220919776_5645627283452631789_n.jpg
518294728_1278814160919882_8783030256238895003_n.jpg
518318989_1278815294253102_4915443851234992951_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 09.07.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун 8-9-июлда Тажикстан Республикасына болгон мамлекеттик сапары аяктады.

Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчысы тажик мамлекетинин негиздөөчүсү Исмоил Сомонинин Душанбе шаарындагы эстелигине гүлчамбар койду.

Андан соң "Улут сарайынын" аянтында президент Садыр Жапаровдун президент Эмомали Рахмон менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Расмий азем аяктагандан кийин лидерлер тар курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Тараптар өз ара кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде айрым райондордо социалдык инфраструктураны өнүктүрүү жана көп жактуу аянтчаларда кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкуулашты.

Тет-а-тет жолугушуудан кийин Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон сүйлөшүүлөрдү кеңейтилген форматта улантышты. Мамлекет башчылары кыргыз-тажик мамилелери, ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү, ошондой эле эл аралык жана аймактык маселелер боюнча кеңири пикир алмашышты.

Мындан тышкары, лидерлердин жолугушууларынын жыйынтыгында соода, билим берүү, өнөр жай, туризм жана башка көптөгөн маанилүү багыттарда эки тараптуу кызматташтыктын кеңири спектрин камтыган бир катар документтерге кол коюлуп, алмашылды. Анын ичинде президенттердин биргелешкен билдирүүсүнө кол коюлду.

Андан ары мамлекет башчылары видео-байланыш режиминде Ош облусундагы “Карамык” жана “Бордөбө” көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин жандандыруу аземине катышты.

Президент Эмомали Рахмон менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында президент Садыр Жапаров ЖМКлар үчүн билдирүү жасады.

Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров "Эгемендүүлүк сарайында" Кыргызстан менен Тажикстандын инвестициялык жана экономикалык форумунда сөз сүйлөдү. Ага эки өлкөнүн 500гө жакын бизнес өкүлдөрү катышты.

Форумдун алкагында эки мамлекеттин бизнес түзүмдөрүнүн ортосунда көптөгөн өз ара пайдалуу келишимдерге кол коюлду.

Муну менен катар Кыргызстан менен Тажикстандын лидерлери Душанбе шаарындагы Улуттук өндүрүмдөрдүн көргөзмөсүнө барышып, эки өлкөнүн өнөр жайынын ар кандай тармактарындагы жетишкендиктерин чагылдырган экспозициялар менен таанышышты.

Иш сапардын маданий бөлүгүнүн жана Тажикстандагы Кыргызстандын маданият күндөрүнүн алкагында президенттер Душанбе шаарындагы "Кохи Борбад" мамлекеттик комплексинде өткөн искусство чеберлеринин "Түбөлүк достук" аттуу концертине катышты.

Сапардын экинчи күнүндө президент Садыр Жапаров Тажикстандын Жогорку жыйынынын жогорку палатасынын Улуттук кеңешинин Төрагасы Рустами Эмомали менен эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана парламенттер аралык багытты илгерилетүү маселелерин талкуулады.

Андан соң президент Садыр Жапаров Тажикстандын Жогорку жыйынынын өкүлдөр палатасынын төрагасы Файзали Идизода менен жолугушту. Ошондой эле президент Садыр Жапаров Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Мамлекет башчысы жолугушууда визиттин жүрүшүндө кол коюлган документтер, ошондой эле өкмөттөрүбүздүн жүргүзүп жаткан иштери эки өлкөнүн жана элдин түбөлүк достугунун бекем пайдубалын түптөй турганын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарын аяктап, 9-июлда Бишкек шаарына кайтты.