Волейбол боюнча Азия чемпионаты: Кыргызстандын курамасы финалга чыкты

Спорт 18 Май 2026 13:15
1.jpg
698283628_18408471205196946_6456021742332332760_n.jpg
698324796_18408471187196946_6134497214618595890_n.jpg
700606533_18408471226196946_8070688699249562842_n.jpg
700799409_18408471241196946_195407520560796253_n.jpg
700853654_18408471223196946_2870484815822482327_n.jpg
701087744_18408471247196946_4577852418432249929_n.jpg
702717053_18408471178196946_843891442215428490_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 18.05.26. /Кабар/. Өзбекстандын Ташкент шаарында 18 жашка чейинки эркектер арасында волейбол боюнча Азия чемпионаты (CAVA) өтүүдө.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, кыргызстандык спортчулар ийгиликтүү оюн көрсөтүп, Өзбекстандын курама командасын 3:0 эсебинде жеңип, турнирдин финалына чыгышты.

Эми финалдык оюнда Казакстандын курама командасына каршы күч сынашат.

Ошондой эле кыздар курама командасы мелдешти ийгиликтүү улантып, Тажикстандын командасы менен 3-орун үчүн беттеш өткөрөт.

Белгилей кетсек, финалга чыгуу менен Кыргызстандын эркектер курама командасы AVC U-18 Азия чемпионатына жолдомо алды.